Нарындагы Р.Усубалиев мектебинде Улуу Жеӊиш күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулду (сүрөт)

Нарындагы Р.Усубалиев мектебинде Улуу Жеӊиш күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулду (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын районунун Р.Усубалиев атындагы орто мектебинде Улуу Жеӊиш күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулду. Бул тууралуу аталган мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Саламат Абдыбилиев билдирди.

Маалым болгондой, 8-класстын окуучулары менен класс жетекчиси Токтор Кубаева айылдын ардактуу аксакалы, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Азык Өмүралиев менен жолугушуп, мектептин атынан чакан белектерин берип, ак батасын алып кайтышты.

Ошондой эле 10-класстын окуучулары класс жетекчиси Гүлзина Турузбаева менен биргеликте «Улуу Жеӊишке карай узак жол» аталышындагы маданий иш-чара уюштурушту. Иш-чаранын жүрүшүндө ырлар, көркөм окуулар, бийлер, сахналаштырылган көрүнүштөр, кыскача тамашалар аткарылды. Майрамдык концертке ата-энелер, окуучулар, мугалимдер жамааты күбө болушту.

Андан тышкары Жеӊиш күнүнүн урматына жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу максатында мектептин аймагына ийне жалбырактуу карагайлар отургузулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up