Кеминдеги окуучулар аскердик спорттук оюндар боюнча күч сынашты (сүрөт)

Кеминдеги окуучулар аскердик спорттук оюндар боюнча күч сынашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Кемин районундагы «Нур» орто мектебинде Улуу Жеӊиштин 74 жылдыгына карата окуучулар арасында райондук «Зарница» аскердик спорттук оюндары ѳткѳрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, оюнга райондун мектептеринен 8 команда катышып, атайын даярдалган жобонун негизинде күч сынашты.

Жыйынтыгында 1-орунду Ж.Садыков атындагы №1 орто мектебинин командасы жеңди. Ал эми 2-орунду А.Казакбаев атындагы Чым-Коргон орто мектебинин жана 3-орунду Б.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинин командалары ээлешти.

Жеңүүчүлөргө жана башка бардык командаларга Чүй облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кубок, грамоталары, Кемин райадминистрациясынын, ошондой эле райондогу мекеме-уюмдардын баалуу белектери тапшырылды.

Иш-чарага Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары А.Курманалиева, райондук жаштар иштери бѳлүмүнүн адиси Ж.Жусупова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Түлөбаева, райондогу күч түзүмдөрүнүн: райондук прокуратуранын, райондук ички иштер бѳлүмүнүн, ѳзгѳчѳ кырдаалдар бѳлүмүнүн, аскердик комиссариаттын жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле 100дөн ашуун окуучулар катышты.

Иш-чара Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук жаштар иштери бѳлүмүнүн демилгеси менен уюштурулду. Максаты — Улуу Жеңиштин 74 жылдыгын белгилөө жана жаштар арасында патриоттук сезимди ойготуу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up