Түркиядагы кыргызстандык студенттер эл аралык конференцияга катышты (сүрөт)

Түркиядагы кыргызстандык студенттер эл аралык конференцияга катышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Түркияда 23-28-апрель күндөрү «Келечек менен байланыш» аттуу эл аралык конференция өтүп, ага Түркиянын университеттеринде коммуникация, медиа жаатында билим алып жаткан кыргызстандык 5 студент катышты. Бул тууралуу Түркияда жогорку билим алып жаткан Наргида Маликова билдирди.

Анын маалыматына караганда, Түркиянын бүтүндөй медиа жаатын көзөмөлдөгөн Радио жана телекөрсөтүү Жогорку Кеңешинин (RTÜK) 11-конференциясы «Мамлекеттүүлүктү куруу жана азаттык үчүн болгон күрөштөгү медианын ролу» темасына арналды. Конференция Газиантеп жана Шанлыурфа шаарларында өтүп, ага 17 өлкөнүн 45 жаш медиа өкүлдөрү катышты.

Аталган конференцияда Кыргызстандын атынан Саракья университетинин магистранты Бегимай Алтыбаева, Түркиянын Эржиес университетинин докторанты Гиза Маматкулова, коммуникация факультетинин магистранты Нурмухамед Жумабеков, Кожаэли университетинин магистранты Гүлайым Абдукеримова, Эге университетинин студенти Фериде Дурсунова илимий макалалары менен тааныштырышты.

«Түркиянын Радио жана телекөрсөтүү Жогорку Кеңеши бул конференцияны 2009-жылдан бери өткөрүп келет. Алгач Түркиянын ар кайсы шаарларында болсо, бара-бара башка өлкөлөрдө да уюштурулуп калган. Мисалы, буга чейин Молдова, Косовада өткөрүлүп, 2016-жылы 8-конференциясы Бишкекте, Чолпон-Атада, Алматада, ал эми 10-конференция былтыркы жылы Ташкент, Самарканд, Бухара шаарларында болгон.

Бул конференцияга ар жылы коммуникация тармагындагы жаш илимпоздор, кыргызстандык студенттер катышып келишет. Бул жылы да Кыргызстандын атынан 5 адам катыштык. Бул иш-чара бир жагынан коммуникация, медиа жаатында билим алып жаткан студенттерге өз адистиги боюнча тажрыйба топтоого шарт түзүп берсе, экинчи жагынан түрк дүйнөсүнөн, түрк тилдүү мамлекеттерден келген студенттердин көп жылдар мурун үзүлгөн байланышын кайра түзүп жандандырууга, ортодо бир коммуникация түзүүгө өбөлгө болот», - деди Саракья университетинин магистранты Бегимай Алтыбаева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up