Чолок-Кайыңдагы окуучулар Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата жөө жүрүшкө чыгышты (сүрөт)

Чолок-Кайыңдагы окуучулар Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата жөө жүрүшкө чыгышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Чолок-Кайың айылындагы мектептин окуучулары жана мугалимдери Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата жөө жүрүш жасашты. Бул тууралуу аталган мектептеги мугалим Нуржан Курманалиева аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 8-май күнү Б.Календеров атындагы орто мектепте Уулу Жеңиштин 74 жылдыгы белгиленип, анда окуучулар согушта курман болгон баатырлардын сүрөттөрүн көтөрүп, айыл ичинде жөө жүрүш жасашты.

Андан соң иш-чара айылдык маданият үйүндө концерттик программа менен уланып, окуучулар согуш туурасында жана аталардын эрдиктери боюнча көркөм окууларды айтышып, патриоттук ырларды аткарышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up