Көк-Ой айылындагы окуучулар интеллектуалдык таймашта мелдешти

Көк-Ой айылындагы окуучулар интеллектуалдык таймашта мелдешти

Билим АКИpress - Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылында жайгашкан Турусбек уулу Султан атындагы орто мектептин окуучулары интеллектуалдык таймашта билим деңгээлин сынашты. Кечээ, 8-майда таймашты ушул эле мектептин 2016-жылдагы бүтүрүүчүлөрү уюштурган.

Уюштуруучулардын өкүлү Анара Абасбекованын айтымында, 8-11-класстардын окуучуларынын таймашы кызыктуу өтүп, жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды. Алар диплом жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.

Иш-чаранын максаты — окуучулардын ынтымагын бекемдөө, билимин тереңдетүү жана бүтүрүүчүлөр менен байланышты чыңдоо.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up