Улуу Жеңишке 74 жыл: Чоң-Кеминде окуучулар арасында өткөн сынактын жыйынтыгы чыкты (сүрөт)

Улуу Жеңишке 74 жыл: Чоң-Кеминде окуучулар арасында өткөн сынактын жыйынтыгы чыкты (сүрөт)

Билим АКИpress - Кемин районунун Чоң-Кемин зонасындагы мектептердин башталгыч класстарынын окуучулары арасында Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата «Аталар керээзи» аттуу сынак өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага С.Кудайбергенов атындагы Карал-Дөбө орто мектебинин, А.Токомбаев атындагы Кайыңды орто мектебинин жана Б.Солтоноев атындагы Тегирменти орто мектебинин окуучулары катышты. Максаты — аталар кан кечип алып келген жеңишти даңазалап, кийинки муундарга 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхтагы ордун баяндап, окуучуларды эр жүрөктүүлүккө, баатырдыкка тарбиялоо.

Иш-чарага Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти А.Чочкеева, Чоң-Кемин зонасынын башталгыч класстарынын мугалимдери жана Тегирменти орто мектебинин администрациясы, мугалимдер жамааты, ата-энелер катышышты.

Иш-чараны уюштуруу милдети Тегирменти орто мектебине жүктөлгөн. Аталган 3 мектептин 2-3-4-класстарынын окуучулары көркөм окуу, патриоттук ыр, аткаруу чеберчиликтери боюнча сынактарда өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Көркөм окуу боюнча 1-орунду Кайыңды орто мектебинин 2-классынын окуучусу Турдугулова Толгонай, 2-орунду Карал-Дөбө орто мектебинин 3-классынын окуучусу Үсөнбаев Элхан, 3-орунду Тегирменти орто мектебинин 4-классынын окуучусу Эсенгулова Юсура ээлешти.

Патриоттук ыр боюнча 1-орунду Кайыңды орто мектебинин 3-классынын окуучусу Жумакадырова Айдана «Жоокер ыры» менен, 2-орунду Тегирменти орто мектебинин 3-классынын окуучусу Камчыбекова Айдана «Катюша» ыры менен, 3-орунду Карал-Дөбө орто мектебинин 2-классынын окуучусу Камилов Ринат «Аталар элеси» ыры менен алышты.

Ал эми аткаруу чеберчилиги боюнча Карал-Дөбө орто мектеби «Чолпонбайдын эрдигин» жогорку деңгээлде аткаруу менен 1-орунду, Кайыңды орто мектеби «Толгонайдын Жер Эне менен монологун» аткаруу менен 2-орунду, ал эми «Чопо» деген темада Тегирменти орто мектеби 3-орунду камсыздашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up