Улуу Жеңишке 74 жыл: Аламүдүндөгү мектептин окуучулары ардагерлерге таазим кылышты (сүрөт)

Улуу Жеңишке 74 жыл: Аламүдүндөгү мектептин окуучулары ардагерлерге таазим кылышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Аламүдүн районунун Стрельникова атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мектептен билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарага Арашан айылындагы согуш ардагерлери чакырылган.

Иш-чаранын жүрүшүндө 10-класстын окуучулары тарабынан «Эч ким, эч нерсе унутулбайт!» аттуу концерттик программа тартууланды. Ошондой эле башталгыч класстардын окуучулары тарабынан патриоттук ырлар, 5-8-класстардын окуучулары тарабынан аскердик парад жана «Назик» бала бакчасынын тарбиялануучулары тарабынан куттуктоолор орун алды.

Андан сырткары, эстелик алдында курман болгондорго арналып куран окулуп, гүлчамбарлар коюлду. Арашан айыл аймагынын башчысы Н.Адашпасов, айылдык кеңештин төрагасы Б.Керимбеков, Стрельникова мектебинин мугалими С.Берикбаев жана мектеп директору С.Каргабаева ардагерлерге куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Иш-чарадан кийин ардагерлерге Арашан айыл аймагы тарабынан даярдалган сый тамак жана акчалай сыйлыктар берилди.

Андан тышкары, Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата башталгыч класстардын окуучулары арасында шахмат боюнча турнир өткөрүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up