Тамга тааныбасам да, өз жомогумду айтып, балдарга сабак өтчүмүн, - «Жаш мугалим» сынагынын финалисти Наргиза (видео, сүрөт)

Эркебай кызы Наргиза
Эркебай кызы Наргиза

Билим АКИpress - Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан «Жаш мугалим - 2019» сынагы старт алган. Бул сынактын дагы бир финалисти — Ош шаарынын Б.Алыкулов атындагы №38 мектеп-гимназиясынын башталгыч класстарынын мугалими, соцпедагог Наргиза Эркебай кызы. Ал өзүнүн балалыгы, студенттик күндөрү, ийгиликтери жана ишмердүүлүгү тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

- Саламатсызбы, Наргиза? Жаш болгонуңузга карабай, мектеп жетекчилигинин курамында эмгектенет экенсиз. Алгач ушундай аракетчилдигиңизге башат болгон алтын балалыгыңыз жөнүндө айтып берсеңиз.

- Саламатсыңарбы, рахмат! Мен өрүкзарлуу Баткендин, Кыргызстандын символу болгон Айгүл гүлү өскөн Айгүл-Тоонун боорунан орун алган, суусу тунук, абасы таза, кооз эс алуучу жерлерге бай Кара-Булак деген айылда 1996-жылы төрөлгөм. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын эң улуусумун. Жашыман аябай эрке өстүм. Сиңдим төрөлгөнгө чейин мен өзүмдү жалгыз кыз сезчүмүн. Бирөөлөрдүн эжелерине, сиңдилерине суктанат элем. Кичинекейимден эле «мен чоңойгондо мугалим болом» деп, кошуналардын балдарын үйгө чакырып алып, апам таенемдердин үйүнөн алып келип койгон алиппени колума алып, өзүмдү мугалим сезип, өзүм тамга тааныбасам да, аларга сүрөттөр боюнча өз билген жомогумду айтып, сабак өтчүмүн. Азыр эстесем таң калам. Өзүм тамга тааныбай туруп, аларга эмнени үйрөттүм экен? (күлүп). Кээде оозума келген сөздү курап, обонго салып, ыр кылып айтчу адатым бар эле. Бир күнү күндөгүдөй үйдө күзгүнү карап ырдап жатсам, апам «жамакчы болгон турбайсыңбы» деп күлүп койду. А мен болсо бардык нерсеге кызыккан жаным апама: «Апа, жамакчы деген эмне?», - деп суроо узаттым. Ал: «Бирөөлөрдүн ырын өзгөртүп, кошумчалап ырдасаң же сөзгө сөздү уйкаштырып айта берсең жамакчы болосуң да, кызым», - деп койду.

Жаш кезимден тартып эле көп сүйлөп, көп күлдүрүп, тез таарынып, тез жазылат элем. Көп учурда, эмнегедир, боло турган окуяны алдын ала сезип, айтып койчумун. Бирок, таң калычтуусу, көбүнчө мен айткан сөздөр туура чыгат эле. Апам болсо «сезимтал кызым менин, ошон үчүн да кулагың кичине» деп күлүп, мени жанына отургузуп алып, чачтарыман сылап эркелетип: «Кызым, элдин алдында көп сүйлөбөй жүр, антип боло турган нерселерди алдын ала айтпа, элдин көзү тиет. Сенин өзүңдүн атың Акмөөр, тилиңде мөөрүң бар. Биз аны атаң экөөбүз кичинекейиңде байкабай, атыңды Наргиза деп койгонбуз. Мөөрү бар адам бирөөгө катуу сүйлөбөйт, капа кылбайт, каргыш айтпайт. Мөөрү бар адамдын айтканы түз тиет, айтканы аткарылат деп коёт, кызым. Эч кимди жаман көрбө, эч кимди каргабай жүр», - деп мени тыйып койчу.

Кошуналардын балдары жалаң эркек балдар болгондуктан, куурчак ойноого кызыккан эмесмин. Бирок атасы, апасы, кызы, баласы болуп ойногонубуз эсимде. Эркек балдар менен шайтан араба тээп жарышып, чүкө ойногон күндөрүм болгон.

- Эми «агып кеткен окуучулук кайыңызга» токтоло кетсеңиз. Деги эле окуучулук кезиңиз кандай өткөн, ал мезгилде ким болом деп кыялданчусуз?

- Таенем, таятам жана таежем мугалим болгон үчүн мени 6 жашымда апамдардан «кызыңарды бизге бергиле, биз окутабыз» деп, өздөрү жашаган Боз-Адыр айылындагы Б.Акматов атындагы орто мектепке 2002-2003-окуу жылында 1-класска киргизишкен. Кийинки жылы атам менен апам өздөрү алып келип, өзүбүздүн айылдагы С.Эрматов орто мектебине киргизишти. Бардык сабактарды калтырбай, жакшы окуйт элем. Мектептин ардак грамотасын жыл сайын алуу мен үчүн өзүнчө сыймык эле. «Отличник» деп 1000 сомдон стипендия да алып жүрдүм. 5-класстан баштап класстын президенти болдум жана кыргыз тили, адабияты сабагына көбүрөөк көңүл буруп, кызыгуу менен даярданып, олимпиадаларга барып, алдыңкы орундарды алып жүрдүм. Мындан сырткары, мектептеги иш-чараларда өз каалоом менен алып баруучу болуп жүрдүм.

8-класстан баштап Боз-Адыр айылындагы «Кара-Токой» гимназиясында окуй баштадым. Бул арада мугалим болом деген пикиримден кайтып, журналист болууну самай баштадым. Анткени сыналгыдан ошол мезгилде алып баруучу, кабарчы Эрнис Кыязовду көрчүмүн. Ал Францияга барып, ал жакта жашаган кыргыздардын жашоосун изилдеп, алардын жашоосу менен таанышып, интервью алып, маек курганын көрсөттү. Мен да келечекте Ош шаарына окууга тапшырып, журналист болуп, чет өлкөлөргө чыгып, кыргыздарды изилдеп, дүйнө жүзүн кыдырууга максат койдум. Ал эми 11-класска келгенде билим министри болуп шайландым. Көптөгөн ийгиликтерге жеттим десем жаңылышпайм. 11-классымда кыргыз тили жана адабияты предметинен райондук олимпиадада 1-орунду багындыргам. Бул менин эң чоң жеңишим болгон. 11-классты 2013-жылы ийгиликтүү аяктадым.

- Окуучулук күндөр сыяктуу студенттик күндөрүңүз да эстен кетпесе керек? Студенттик кездеги кызыктуу окуялардан бөлүшө кетсеңиз.

- Окуучулук мезгилден тартып, эмнегедир, Ошто окуйм дей берчүмүн. Мен максатыма жетүү үчүн Баткенден Ошко качып келип, окуп калгам. Себеби ал мезгилде үйдө жалгыз кыз болгондуктан, атам: «Сен менин жалгыз кызымсың, алыска жибербейм, БатМУда окуйсуң», - деп, Ошко окушума такыр көнгөн эмес. Атам мени көп эркелетип, жакшы көргөнү менен катуу эле, айтканынан кайтпаган мүнөзү бар. Мен да ошондоймун.

Менимче, өжөр болгондун да жакшы жагы бар экен. Өжөрлүгүм мага көптөгөн ийгилик алып келди. Эч кимдин сөзүнө кулак салбай, Ошко качып келдим. ОшМУнун журналистика факультетине тапшыра албай калдым. Ошентип, Ош мамлекеттик университетинин педагогика жана дене тарбия факультетинин башталгыч билим берүү адистигине бюджеттик негизде окууга тапшырдым. 3 жыл ОшМУнун №1 жатаканасында жашадым. Жатаканада да коомдук иштерге активдүү катышып, 2 жыл староста, 1 жыл активист болуп иштеп бердим. Башыбыздан кызыктуу окуяларды өткөрдүк. Анда да аябай шок кыз элем. Мамлекеттик сынакты тапшырып келгендерди 3-кабаттын терезесинен аңдып туруп, үстүнөн бир чака сууну куюп жиберет элем. Алар болсо «ким суу чачканын көрбөдүк, бирок 3-кабаттан чачышты» деп, жатакананын комендантына арызданышат эле. Эң кызыгы, өзүм староста элем. Агай болсо старосталарды чогултуп, «жатаканадагы бардык чакаларды жыйнап чыккыла» деп буйрук берди. Мен болсо кылгылыкты кылып коюп, эч нерсе билмексен болуп, 3-кабатка чыктым да, бардык бөлмөлөрдөн чакаларды жыйнап, агайга алып барып бергеним эсимде. Эмнегедир, ошол мезгилде суу чачып ойногон мага кызыктуу болчу (күлүп).

- Студенттик күндөрүңүз чынында кызыктуу окуялар менен коштолуптур. Ал кезде өзүңүздү өнүктүрүү багытында кандай аракеттерди көрдүңүз?

- Окуудан сырткары кытай тили, корей тили жана алып баруучулук курстарына барып жүрдүм. Бул курстарга мени катыштырып, мага түрткү берген инсан ОшМУнун ошол мезгилдеги Жаштар комитетинин төрагасы Азирет Маткалыков болгон. Азирет агайдан көп нерсени үйрөндүм, ыраазычылыгымды айтам. Ал эми кечинде ден соолугум чың болуусу үчүн фитнес, спорт клубдарына барып машыкчумун. Мындан сырткары, бош убактымда окуу жайдын спорт залына барып, волейбол ойноп келчүмүн. 3 жыл жатаканада тамашоу ойноп жүрдүм. 2-курсумда жатаканадагы Жаңы жыл майрамында «Мыкты жасалга» сынагы болуп, мен «Мыкты бөлмө» номинациясын алгам. ОшМУнун ректору К.Исаков өз колу менен чаң соргуч тапшырган. Ошондой эле педфакта да илимий жумалыктарга катышып, «Менин биринчи мугалимим» деген макаламды окуп, ОшМУнун ардак грамотасы менен сыйлангам. Ошол макалам педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Зарипа Абдураимова эжекенин «Биринчи мугалим» деген китебине чыккан.

3-курсумда педагогикалык практиканы Өзгөндүн Ири-Суу аймагындагы Корс-Этти айылынын Чомо-Баатыр мектебинде өтөп, мугалимдикке болгон кызыгуум дагы да артты. Тайпалаштарыбыз менен аябай ынтымактуу, уюшумдуу элек. Талаа практикасына да чогуу акча топтоп, 1 жумага Ысык-Көлгө барып, Ысык-Көл эмне себептен Ысык-Көл деп аталып калганын, көлдүн касиеттерин, жашоочуларын изилдеп, канча район, канча айыл болсо, баарын кыдырганга жетиштик.

Учурдан пайдаланып, ОшМУнун педагогика жана дене тарбия факультетинин деканы Бакыт Муратбаев агайыма өзгөчө ыраазычылык билдирем.

Ал эми 4-курста мамлекеттик практиканы Ош шаарындагы «Жетиген» лицейинде 3 ай өтөдүк. 4-курста окуудан сырткары ЭЛТРге барып, 2 жарым ай стажировка өтүп, иштеп калдым. Ал жер да мага көп нерсени үйрөттү. Башында съёмкаларга тартылып жүрдүм. Өзүм да съёмка тартканды, монтаждаганды үйрөндүм. Сыртынан журналист болуу оңой көрүнгөнү менен аябай оор кесип экен. Тынымсыз изденүүнү талап кылат.

Ошентип, жогорку окуу жайды 2017-жылы бүтүрдүм.

- Азыркы мезгилде көпчүлүк студенттер окуу менен кошо жумушту да алып кетишүүдө. Сизде да мындай жагдай орун алды беле?

- 4-курсту аяктайын деп, дипломдук ишти жазып жүргөн учурда өзүм окуган жерде башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы, биология илимдеринин кандидаты, доцент Минабар Шайимкулова эжеке университетте лаборант болуп иштөөмдү сунуш кылды. Ойлонбой туруп макул болдум.

Университетте 2017-жылдан баштап лаборант болуп иштей баштадым. Аны менен бирге Б.Алыкулов атындагы №38 мектеп-гимназиясына мугалим болуп ишке кирдим. Айланамда жалаң гана жакшы адамдар болгон үчүн 2 жерде иштесем да, кыйналган жокмун. Тескерисинче, кылган ишимден ырахат алат элем.

Учурда мектепте эле иштеп жатам. Себеби соцпедагог болуп да, башталгыч класстарга сабак берип да иштегеним үчүн университетке жетишпей калдым.

- Өзүңүз айткандай, башталгыч класстын мугалими болуп туруп, соцпедагог катары да иштеп жатыптырсыз. Сиз үчүн экөөнү айкалыштыра алып кетүү кыйын эмеспи?

- 2018-2019-окуу жылында өзүм иштеген Б.Алыкулов мектеп-гимназиясына соцпедагог болуп шайландым. Мектеп директору Бегайым Юлдашева эжеке, башталгыч класстардын окуу бөлүм башчысы Замира Жусупова, уюштуруучу Гүлбара Алдыракова эжелер «сен жашсың, сенин колуңдан келет, биз сага ишенебиз, бизге соцпедагог болуп иштеп бер» деп сунушташты. Бир жагынан мага ишеним билдирип, айткандары үчүн сүйүнсөм, бир жагынан «мен бул ишти эптей аламбы?» деген суроо кыйнады. Мектеп жетекчилиги да, мугалимдер жамааты да билбегенимди үйрөтүштү. Көпчүлүк учурда мага жардам беришип, менден кеп-кеңештерин аяшкан жок. Ушундай ынтымактуу, уюшумдуу жамаат менен иштеп жатканыма сүйүнөм, ыраазычылык билдирем.

Негизи соцпедагог болгонума өкүнбөйм, тескерисинче сүйүнөм. Себеби ошол мезгилде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чарада Бугу Эненин кийимин кийип, анын монологун аткарып, президент Сооронбай Жээнбеков менен биринчи жолу жолугуп, көрүшкөндөн кийин ийгиликтер өзү мага жылмайып келе баштады.

Ош билим берүү институтуна соцпедагогдор курсуна барып, ал жерде да тил майрамына карата сармерденге катышып, ОшБИнин грамотасын алдым, соцпедагогдор программасын окуп, сертификаттуу болдум. Андан сырткары, бир нече семинарларга катышып, көптөгөн сертификаттардын ээси болдум.

Соцпедагог болсоң, ар тараптуу инсандар менен иштешет экенсиң: милиция кызматкерлери ЖӨИ, соцкоргоо, мэрия, психологдор, медайымдар, ата-энелер, окуучулар, класс жетекчилер жана мугалимдер менен түздөн-түз иш алып барып, кимге кандай сүйлөш керек, көйгөйдү кантип аныктап, маселени кандай чечүү керек дегендей. Психолог болуп калат экенсиң. Соцпедагог болуп, ар түрдүү үй-бүлөнү көрдүм, ар түрдүү ата-энелер менен сүйлөштүм. Бирөө балага зар, бала бирөөгө кор, өз баласын таштап кеткен мээримсиз, адилетсиз, жүрөгү бала деп сокпогон ата-энелерди көрдүм. Ата-эненин мээрими эмне экенин билбеген, түшүнбөгөн балдарды көрдүм. Өздөрү тирүү туруп, өз баласын бакпаган, жүрөгү таш, акчанын кулу болгон, канчалаган мигрант ата-энелерге кабылдым. Эхх, бул кандай жашоо?...

- Бош убактыңызда эмне менен алексиз? Эки ишти бир аркалап, бош убактыңыз аз эле болсо керек?

- Бош убактымда волейбол ойнойм. Андан сырткары, ОшМУда иштеген Айнура Кулатова эжекемдин «Парда» салонуна барып, дем алыш күндөрү парда тигип келем.

- Жакында өтө турган «Жаш мугалим -2019» кароо-сынагынын финалдык баскычына даярдыгыңыз тууралуу айта кетсеңиз?

- Бул сынак 2 жылдан бери уюштурулуп келет. Былтыркы кароо-сынакты көрүп, «кийинки жылы сөзсүз катышам» деп ниет кылган болчумун. 1-турдан да, 2-турдан да өттүм. 15-май күнү финал болот, 7 катышуучу кызуу даярданып жатабыз. Бардыгыбыздын максатыбыз — Ош шаарындагы жаш мугалимдердин билимдүү, таланттуу, чыгармачыл экендигин, мыктылыгын көрсөтүү.

Учурдан пайдаланып, мени колдоп, менден жардамын аябаган мугалимдер жамаатына жана окуучуларыма өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем.

- Маек куруп бергениңиз үчүн алкыш! Ийгиликтер коштосун!

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up