Мугалимдер.kg: Сокулуктун эң мыкты мугалими Элиза Каратаева иш тажрыйбасы менен бөлүштү (cүрөт)

Мугалимдер.kg: Сокулуктун эң мыкты мугалими Элиза Каратаева иш тажрыйбасы менен бөлүштү (cүрөт)

Билим АКИpress басылмасы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда билим берүү майданынын түйшүктүү милдетин аткарып келе жаткан мугалимдер тууралуу сөз болот. Бүгүнкү биздин каарманыбыз — Чүй облусунун Сокулук районундагы №2 Сокулук орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, райондук «Жыл мугалими — 2019» сынагынын жеңүүчүсү Элиза Каратаева. Ал жаштарды адептүүлүккө тарбиялоодо адабияттын ролу, кечээки, бүгүнкү жана эртеңки коомдук пикирлердин, көз караштардын биримдүүлүгү жана өзгөчөлүгү, окутуу-тарбиялоонун жаңы технологиялары жаатында кеп козгоду.

«Адеп – жан дүйнөнүн күзгүсү»

«Адеп» сөзү кыргыз тилине араб тилинен оошуп кирип, кыргыз коомунда жан дүйнөнүн күзгүсү, атуулдук асыл сапаттарды бир уюлга бириктирген түшүнүк катары кабылданган. Адептүүлүк — адам баласынын жүрүм-турумунун барометри. Ал адам баласы төрөлгөндөн баштап, өмүрүнүн акырына чейин тынымсыз кыймылга, күч-аракетке келүүчү процесс. Ошондон улам залкар жазуучубуз Ч.Айтматов: «Түбөлүк чечилбеген улуу талаш, канткенде адам уулу адам болот? Адамзат качан чечет, качан коёт, канткенде адам уулу адам болот?», - деген саптар менен жашоо жандырмагын жаргылчакка таштайт. Коомчулуктун көкүрөк күүсүн, ой-оромун ойготот.

Албетте, жаштарды адептүүлүккө тарбиялоодо учурда белгилүү окумуштуулар С.Байгазиев, А.Алимбеков, А.Муратов ж.б. эмгектерин, балдарды тарбиялоодогу бараандуу ой-пикирлерин басма сөз беттеринен окуп келем. Тактап айтканда, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору, педагогика илимдеринин доктору Акматали Алимбеков «Кыргыз эл педагогикасындагы адеп тарбиясы» аттуу эмгегинде «Адептүүлүк, ыймандуулук — күн-түн бою адамдардын жүрүм-турумун тескеп, жаман жоруктан сактап туруучу матрица. Адамдын денесин ысык-сууктан кийим коргоп тургандай, ыйман жан дүйнөнү ыплас нерселердин таасиринен коргоп турат», - деп таамай айткан.

Туура, адеп, ыйман түшүнүгү органикалык бир бүтүмгө ширелип, тарбиялоонун бардык булактарын өзүнө сиңирип, жашоо образынын ой берметтерин чагылдырат. Көптөгөн аалымдар, белгилүү педагогдор адеп-ыймандуу тил, ыйман-адептүү дил түшүнүктөрүн «Манас» эпосундагы кыргыз элинин жашоо-турмушунун түрдүү жагдайларынан акыл калчашат. Биз да окутуу-тарбиялоодо «Манас» эпосу баш болгон чыгармалардан баштап учур адабиятынын барактарына аңдоо салуубуз абзел.

«Адабият сабагы — адептүүлүккө тарбиялоонун башаты»

Адептүүлүккө тарбиялоо билим берүү системасынын бардык жагдайларын өз алкагына камтып, тамыры улам тереңдеп, түшүнүгү бийиктеп барат. Адабият сабагында эң алгач элдик оозеки чыгармалардан баштап ар бир окутулуучу материалдардын тарбиялык маанисине кеңири токтолом. Өзгөчө, адептүүлүккө тарбиялоого басым жасайм. Ч.Айтматовдун, А.Осмоновдун, Т.Кожомбердиевдин жана башка ондогон калемгерлердин чыгармаларын албайлы, түпкү түйүнү адамдык улуу сапаттарды кабылдоого, көркөм тил, искусствонун керемет күчү менен жан дилге ыйман, адеп азыгын салууга басым жасалат. Ушул идеяны туу тутуп, өз ишмердүүлүгүмдө педагогикалык философия катары кабылдайм. Өзгөчө, адабияттагы каармандардын образын ачууда кечээки, бүгүнкү, эртеңки түшүнүктөрдүн бүтүндүүлүгүнө токтолом. Адамды адам кылып тарбиялоонун негизги каражаттары ой борборуна уюп барат.

Маселен, Ч.Айтматовдун «Ак кеме» повестиндеги баланын образы не деген керемет. Бала аркылуу балдар психологиясына жетүүнүн педагогикалык-методикалык штрихттерин чечүү мен үчүн адабият сабагымдагы туу чоку. Ал эми А.Осмоновдун балдар ырлары, жаратылышка болгон поэтикалык көз чаптырууларчы… Т.Кожомбердиевдин «Көлчүктөгү айынан» башталган табышмактуу, кызыктуу, сыйкырдуу чыгармалары менен окуучуларымдын сезимин жипсиз байлап алууга ашыгам.

Деги эле, адабият жанрларынын кайсы тармагына көз салбайлы, адептүүлүк ар бир сабактын башаты болуп келет. Өзгөчө, дидактикалык чыгармалар: табышмактар, макал-лакаптар, жаңылмачтар — логикалык ой жүгүртүүнүн барометри.

«Менин педагогикалык философиям»

Балдарды окутуу, тарбия-билим берүү жашоо-турмушумдун, өмүр жолумдан педагогикалык философиянын жаңы барактарын ачты. Өзгөчө, райондук «Жыл мугалими - 2019» сынагына катышып, анда жеңүүчү болгондон бери мугалимдик кесиптин улуулугу, коомдогу эң бир таза, балдар дүйнөсүндө жашаган тунук, чексиз берметтери жан дүйнөмдүн жаңырыгына айланды. Бардык күчүмдү кыргыз тили жана адабияты сабагы аркылуу этнопедагогикалык, этномаданий баалуулуктарды балдарга багыттоону чечтим.

Окутуунун жаңы технологияларын колдонуп, мамлекеттик стандартка төп келген талаптар менен жаңыча ой жүгүртүүгө, өзгөчө балдар дүйнөсүнөн алып балдар дүйнөсүнө бере турган сабактарды жаратууга далалаттандым. Ошол менин түбөлүктүү педагогикалык философияма айланды. Ар бир сабак чыгарма жаратууга тете эмеспи. Тоо боорунан оргуштап чыккан булактын көзүн канчалык бекиткен менен башка бир жерден жол таап, атып чыгары шексиз болгондой, мугалимдик жөндөм, шык, талант, педагогикалык көз караш дайыма коомдук көз караштардын алдыңкы локомотиви.

Мен мугалим болгонума сыймыктанам. Мектеп жамаатым — менин чыгармачылык канатым. Алардан алган дем-күч менен үй-бүлөмдүн бекемдигин, бактылуулугун чыңдайм. Балдардан алган эргүү менен өз балдарыма жетүүгө ашыгам. Алардын күлкүсүнө сүңгүп кирип, беттеринен сүйүп, «мен мугалиммин» деген сөздөрдү ичимден кайталайм. Бул менин педагогикалык философиямдын бет ачары.

Маалымат алган: КРнын Билим берүүсүнүн отличниги ИБРАИМ ЧОТОВ

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up