Кош-Дөбөнүн окуучулары Улуу Жеңиш күнүн даңазалышты (сүрөт)

Кош-Дөбөнүн окуучулары Улуу Жеңиш күнүн даңазалышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылынын Э.Мейманов атындагы орто мектебинде Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Анара Нусупова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, иш-чаранын алкагында согуш темасын чагылдырган сценкалар, обондуу ырлар, бийлер, көркөм окуулар аткарылып, сүрөт сынактары уюштурулду. Окуучулар патриоттук ырларды ырдашып, аталардын эрдиги унутулбастыгын белгилешти. Соңунда айылдагы эстеликке гүл коюшту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up