Орто-Алыштагы мектептин окуучулары Улуу Жеңиштин 74 жылдыгын белгилешти (сүрөт)

Орто-Алыштагы мектептин окуучулары  Улуу Жеңиштин 74 жылдыгын белгилешти (сүрөт)

Билим АКИpress - А.Сүйүнбаев атындагы Орто-Алыш орто мектебинде Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мектептен билдиришти.

Маалым болгондой, мектептин 9-классынын окуучулары «Эч ким, эч качан унутулбайт!» деген темада майрамдык иш-чара уюштурушту. Иш-чарадан соң Байтик айылынын ардагерлерине коюлган эстеликке барып, гүлчамбарларды коюшту. Ар бир класс жетекчи тарабынан 2-11-класстарга тарбиялык сааттар өтүлдү. Ошондой эле 5-11-класстардын окуучулары «Оо, Жеңиш, сен улуусуң!» деген темада дубал гезит чыгарышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up