Кочкордо окуучулар үчүн тестирлөө борбору иштеп баштады (сүрөт)

Билим АКИpress - Кочкор районунун Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында окуучулардын компьютердик сабаттуулугун текшерүү үчүн тестирлөө борбору иштеп баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, борбордун бүтүрүүчүлөрү эл аралык «ICDL» программасынын сертификатына ээ болушат. Борбор БАУнун Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби аркылуу «Демилгелүү жаштар» долбоорунун алкагында ишке ашкан.

Учурда Нарын облусунда бул долбоордун алкагында 11 мектеп иш алып барууда. Борбордон 3 миң 900 окуучу окуп чыккан. Бул долбоорго кирген мектептер заманбап компьютерлер менен жабдылып, интернет байланышына кошулушкан.

Аталган мектептин окуучулары программа боюнча олимпиаданын 1-2-турларына катышып, ийгиликтүү өткөндөргө сертификаттар тапшырылды.

Долбоордун максаты — балдарга ар кандай программаларды үйрөтүү болуп саналат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up