Нарын облустук сынакта мыкты агитбригада аныкталды (сүрөт)
Билим АКИpress - Нарын шаарында облустук «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» кароо-сынагы өтүп, анда Нарын районундагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин «Ак жол» командасы «Мыкты агитбригада» наамын жеңип алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, аталган команда берилген тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарып, өздөрүнүн мыкты даярдыкта экенин көрсөтүшкөн. Алар калыстар тарабынан аталган номинация боюнча жеңүүчү деп табылып, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
×