«Жаш мугалим» сынагынын финалисти Догдурбек: Мугалим болом деген ой таптакыр жок болчу (видео, сүрөт)

Кубатбек уулу Догдурбек
Кубатбек уулу Догдурбек

Билим АКИpress - Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан «Жаш мугалим - 2019» сынагы старт алган. Бул сынактын дагы бир финалисти — Ош шаарындагы №17 Ю.Гагарин атындагы мектеп-гимназиясынын жаш мугалими Догдурбек Кубатбек уулу. Ал музыка сабагынын өзгөчөлүгү, чыгармачылыгы, кесиби тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

- Догдурбек мырза, көпчүлүк жаштар сизди жаңыдан гана чыгып келе жаткан жаш ырчы катары тааныйт. Ал эми мугалимдик кесипке кантип аралашып калдыңыз?

- 2013-жылы орто мектепти аяктап, ОшМУнун искусство факультетинде билим алып баштадым. Алгач мугалим болом деген ойлор таптакыр жок болчу. Бардык тайпалаштардын ырчы, сахна адамы болобуз деген кыялдарыбыз бар эле. Кийин билсек биз мектепке музыка мугалимин даярдоо (музыкалык билим берүү) бөлүмүнө тапшырган экенбиз. 2-курста мектептерге адаптациялык практика учурунда окуучулардын билимге, музыкага болгон кызыгуусу менин мугалим болуума чоң түрткү берди. 4-курсумда Ош шаарындагы №17 Ю.Гагарин атындагы мектеп-гимназиясында практика өтөп, мугалимдер менен тил табышып, учурда аталган мектепте музыка сабагынан балдарга билим берип келем.

- Мындан аркы ишмердүүлүгүңүздө кандай пландарыңыз бар? Педагогикага басым жасайсызбы же ырчылыккабы?

- Элибизде сөз бар: «Мугалим балдар менен иштеп жаткан учурда бирде учкуч, бирде актер, бирде артист боло алат». Айтайын дегеним, мугалимдик кесип менин жеке чыгармачылыгыма тоскоол болбойт. Экөөнү тең бирге алып кете алам.

- Жаш мугалим мындан башка эмне иш кылат?

- Бир мугалимден бирөө «эмне жумуш кыласыз?» деп сураса, «агайчылык эле» деген экен. Анын сыңарындай, мугалимдик кесип менен эле (күлүп). ОшМУнун искусство факультетинде окутуучу, Кыргыз-Өзбек университетинде маданий-эстетикалык борборун жетектейм. Андан сырткары, өзүңүздөр билгендей, чыгармачылык менен алектенем.

- Чыгармачылыгыңыздын башаты болгон үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?

- Үй-бүлөдө 7 бир туугандын улуусумун. Атам жеке ишкер, апам үй кожойкеси. Алар мен туулуп-өскөн Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Коо-Чаты айылында турушат.

- Көпчүлүк учурда музыка сабагы 2-пландагы сабак деп айтып калышат. Сиз буга кандай карайсыз?

- Музыка эмне экенин жакшы түшүнбөгөндөр айтса керек. Кээ бир адамдар ырдатып, бийлетүү менен музыка сабагын өтөт деп ойлошот. Музыканын балдарга эстетикалык тарбия берүүдө орду аябай чоң. Сезимталдуулукка үйрөтөт, музыкалык сабатын жоёт, аны менен бирге дүйнө таанымын кеңейтет, кыргыз композиторлору, ошондой эле дүйнөлүк композиторлор жөнүндө үйрөнүшөт. Өнүккөн өлкөлөрдө искусствону, анын ичинде музыканы биринчи орунга коюшат.

- Маегиңизге рахмат! Алдыдагы сынакта ийгиликтерди каалайбыз!

- Сизге да рахмат!

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up