Кочкор районундагы эң мыкты мугалимдер аныкталды (сүрөт)

Кочкор районундагы эң мыкты мугалимдер аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Кочкордо «Жыл мугалими - 2019» кароо-сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Астра Асаналиева билдирди.

Сынактын жыйынтыгында Ак-Жар орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Жазгүл Бекбоева баш байгени жеңип алды. Ал райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы жана 10 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

1-орунга Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Гүлмадина Абазова ээ болуп, 1-даражадагы диплом жана 5000 сомго татыды. 2-орунду К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин математика мугалими Айчүрөк Райымбек кызы алып, 2-даражадагы диплом жана 3000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми 3-орунга А.Мааткеримов атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Наргиза Чокоева, К.Темиров атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Жумакүл Шаршеева чыгышып, ардак грамота жана 2000 сом акчалай сыйлыкка ээ болушту. Акчалай сыйлыктар райондук профсоюз комитети тарабынан каржыланган.

Сынакты райондук билим берүү бөлүмү жана райондук профсоюз комитети уюштурду. Максаты — ишине чыгармачылык менен мамиле кылган таланттуу мугалимдерди аныктоо жана аларга колдоо көрсөтүү, мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүү, райондогу мыкты мугалимдердин педагогикалык тажрыйбаларын жайылтуу болуп саналат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up