Акча чогултууга болбойт! 9-11-класстардын бүтүрүү кечелери качан болот?

Акча чогултууга болбойт! 9-11-класстардын бүтүрүү кечелери качан болот?

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлиги 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүк жана аттестат качан тапшырыла турганын тактады.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, 9-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө жалпы орто билим жөнүндө күбөлүк тапшыруу иш-чарасы жалпы билим берүү мектептеринде 21-июнь күнү саат 10:00дө өтөт.

11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө жалпы орто билим жөнүндө аттестат тапшыруу иш-чарасы жалпы билим берүү уюмдарында 24-июнь күнү саат 10:00дө өтөт.

Ведомствонун буйругуна ылайык, бардык мектептерде бүтүрүүчү класстардын окуучуларынын ата-энелери жана ата-энелер комитеттеринин өкүлдөрү менен салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө акча чогултууга чек коюу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырылды. Буйрукта мыйзамсыз акча чогултуулар үчүн класс жетекчилер, мугалимдер жана директорлор жумуштан бошотулганга чейинки жоопкерчиликке тартыла турганы айтылат.

Иш-чаралар өтүп жаткан учурда суткалык күзөт уюштурулат. Директорлор менен педжамаат бүтүрүүчүлөрдүн жана ден соолугунун коопсуздугун камыздоо үчүн жоопкерчилик алышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up