Түптө окуучулардын «Билимдүүгө дүйнө жарык» аталышындагы форуму өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Түп районунда 10-майда «Билимдүүгө дүйнө жарык» аталышындагы окуучулардын форуму өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага райондогу мекемелердин жетекчилери, дин кызматкери, 35 мектептин окуучулары жана «Нур» академиясынын негиздөөчүсү Нурзат Токтосунова жана анын окуучулары, ошондой эле жаш өспүрүмдөргө мотиватор катары кеп-кеңештерин айткан Табылды Муратбеков, Бакыт Болгонбаев, Эрмек Темирбеков катышты.

«Нур» мектебинин тарбиялануучулары Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде театралдык спектакль аткарышып, улуу жазуучуну жаш өспүрүмдөргө дагы бир ирет даңазалап, чыгармаларындагы жашоонун философиясын ачыктап беришти. Өз кезегинде райондун окуучулары да окуудагы ийгиликтери менен бөлүшүп, келечек алдыда экенин, жасала турчу иштер көп экенин айтышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up