Нарындык окуучулар Улуу Жеңиштин 74 жылдыгын белгилөөгө активдүү катышты (сүрөт, видео)

// Turmush

Билим АКИpress - Нарын шаарында Улуу Жеңиштин 74 жылдыгын белгилөөгө мектеп окуучулары активдүү катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, атайын тиктирген аскер кийимдерин кийишкен «Жаш армиячылар» тобу Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта тизилишип, аскердик параддан өтүштү. Андан соң өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашып, алгачкы аскердик даярдык боюнча көнүгүүлөрдү көрсөтүштү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up