Ак-талаалык активист Монголиядан 4 миң доллар уткандан кийин райондо «Жашыл мектеп — жашыл коом» долбоору ишке ашканы турат (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районунда эл аралык уюмдардын колдоосу менен «Жашыл мектеп — жашыл коом» долбоору колго алынууда. Бул тууралуу аталган долбоордун лидери Асел Сапарбаева аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, «USAID» уюму каржылаган программа боюнча быйыл «LEAD ALLIANCE» аттуу сынак жарыяланган. Сынактын негизинде Кыргызстандан 5 өкүл Моңголия өлкөсүнө барып, 3 күн окуп келишкен. Алар 5 долбоор сунуштап, жыйынтыгында Ак-Талаанын Тоголок Молдо айылынан барган Асел Сапарбаеванын «Айлана-чөйрөнү коргоо» долбоору жактырылып, 4 миң доллар утуп алган. Анын негизинде Ак-Талаа районунда айлана-чөйрөнү коргоо, ага аяр мамиле жасоо максатында окутуу иштери жана долбоорду ишке ашыруу колго алынууда. Бул боюнча 11-12-май күндөрү Баетов айылында мугалимдерге, окуучуларга тренинг өтүлдү.

Долбоор 3 этаптан турат:

1. Ак-Талаадагы жалпы 18 орто мектептер арасында таштанды калдыктарынан турмуш-тиричилигине керектүү буюмдарды жасоо (желим бөтөлкөлөрдөн, кагаз-картондордон ж.б);

2. Жергиликтүү тренерлерди даярдоо. Мында 18 айылдан 3 өкүл катышып, окутулат. Өкүлдөрдүн бири мектеп мугалими, дагы бири окуучу жана айыл өкмөттүн кызматкери болушу шарт. Ошондо 54 тренер пайда болот.

3. Ошол жергиликтүү тренерлер өз айылындагы жергиликтүү жашоочуларга алган билимин жайылтуусу керек.

Тренингдин жүрүшүндө буга чейин жарыяланган сынактын жеңүүчүсү болгон мектептер аныкталды. Алар: Жерге-Тал айылынын И.Молдобаев, Тоголок Молдо айылынын Ж.Сатылганов жана Коңорчок айылындагы Н.Жыргалбекова атындагы орто мектептеринин окуучулары желим бөтөлкөлөрдөн турмуш-тиричилигине керектүү шыпыргы, гүл челек, шам жана башка буюмдарды жасап келишкен. Бул жеңүүчү аталган мектептерге таштанды салуучу урналар тапшырылат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up