Кара-Суудагы лөлү тектүү окуучулар ардагерлер менен жолугушту (сүрөт)

Билим АКИpress - Кара-Суу районундагы М.Турсун-заде мектебинде дене тарбия мугалими Пахридин Маданов Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата Ооган согушунун, Чернобыль апаатынын жана Баткен окуясынын катышуучулары, ардагерлер менен жолугушуу кечесин өткөрдү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Шухрат Юсупов билдирди.

Анын айтымында, иш-чарада окуучулар ыр-бийлерди аткарып, согуш мезгилин чагылдырган чыгармаларды сахналаштырып көрсөтүп, куттуктоо сөздөрүн айтып, белектерин тапшырышты.

П.Маданов тогуз коргоол улуттук оюнун биринчилерден болуп аталган мектептин окуучуларына үйрөтүп, райондук, облустук иш-чараларга катыштырып келет. Бул мектепте лөлү тектүүлөр билим алышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up