Билим АКИpress басылмасы «Менин апам – мугалим» долбоорун баштады

Билим АКИpress - Билим АКИpress басылмасы «Менин апам – мугалим» долбоорун баштады. Эгер сиздин апаңыз мектепте же жогорку окуу жайда мугалим болуп эмгектенсе, ал тууралуу жазып, бизге жөнөтүңүз.

Сиздин апаңыз кайсы билим берүү уюмунда иштейт, ал эмне үчүн мугалим кесибин тандаган, аны эмне шыктандырат жана жумушунда эмнеге кайгырат, ишиндеги кызыктуу окуялары, ал эмнени кыялданат — баарын жазыңыз. Эгер сиздин апаңыз эмгеги үчүн кандайдыр бир сыйлыктарга жана ардак грамоталарга татыган болсо, сөзсүз көрсөтүңүз. Дилбаяныңызды сүрөттөр менен толуктаңыз.

Жазган материалдарыңызды bilim.akipress@gmail.com электрондук дарегине «Менин апам – мугалим» белгиси менен жөнөтүңүз.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up