НМУнун студенттери Медициналык академиядагы биомедициналык лаборатория менен таанышып чыгышты

Билим АКИpress - С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин студенттери Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына практикага келишти. Агрардык-техникалык факультеттин маалыматтык технологиялар кафедрасынын саламаттыкты сактоодогу информатика багытында билим алган студенттердин сапары KyrMedu долбоорунун алкагында биомедициналык лабораторияда уюштурулган.

Студенттерге табигый илимдер кафедрасынын башчысы Н.Ибраева жана маалыматтык технологиялар кафедрасынын ага окутуучусу С.Кулманбетова жетекчи болгон. Практиканттар эки күн бою аталган лабораториядагы заманбап медициналык каражаттар (УЗИ, кардиограф, гастроскоп ж.б.), медициналык каражаттардын иштеши менен таанышып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Бул сыяктуу аппараттар Кыргызстанда саналуу гана.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up