Жан-Булак айылында студенттер менен окуучулар Жеңиш күнүн белгилешти

Билим АКИpress - С.Нааматов атындагы НМУнун педагогика факультетинин 2-курстагы студенттери жана Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылындагы А.Жутакеев атындагы орто мектебинин окуучулары Жеңиш күнүнө карата «Мен атамды эскерем» аттуу иш-чара өткөрүштү.

Анда Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аталар эскерилип, студенттер жана окуучулар согуш мезгилиндеги турмушту сахналаштырып көрсөтүштү. Ошондой эле жөө жүрүш уюштурулуп, иш-чара Жан-Булак айылындагы Жеңиш паркында гүлчамбар коюу менен аяктады.

«Мен атамды эскерем» темасындагы жолугушуу НМУнун педагогика факультетинин табигый илим кафедрасынын башчысы Н.Ибраева жана А.Жутакеев атындагы орто мектептин директору Сагындык уулу Миргазы, анын тарбия иштери боюнча орун басары А.Асанкожоева жана 8-класстын жетекчиси Э.Өмүрбеков тарабынан уюштурулган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up