«Мектепке электрондук каттоо» долбоорунун 2-этабы башталат

Билим АКИpress - «Мектепке электрондук каттоо» долбоорунун 2-этабы 16-майда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, 14-майга карата мектепке электрондук каттоо системасына 8 миң 465 өтүнмө катталды. Анын ичинен 6 миңден ашуун бала кабыл алынды.

16-майга чейин кичи аймактар боюнча 1-класска электрондук өтүнмөлөр кабыл алынат. 16-майдан 15-августка чейин кичи аймактардан тышкары электрондук өтүнмөлөр кабыл алынат, деп билдирет министрлик.

«Мектепке электрондук каттоо» долбоору – бул мектеп курагына жеткен балдарды (6-7 жаш) Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мекемелерине 1-класска каттоо жараянын автоматташтырууну камсыздоочу электрондук система. Система ушул жылдын 15-февралында ишке киргизилген.

Ата-энелер мектептердин тизмесин, бош орундардын санын, баланын мектепке катталуусун каалаган учурда компьютерден да, смартфондон да көрө алышат. Бишкек шаарынын мектептерине түшкөн өтүнмөлөрдүн статистикасы mektep.edu.gov.kg сайтында онлайн режимде жеткиликтүү.

Бардык кызыктырган суроолор боюнча техникалык колдоо кызматына байланыш телефондору боюнча кайрылса болот: 0556 122211, 0706 122211, 0776 122211, 0312 620497.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up