Ак-талаалык 2 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болушту (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районунан 2 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алышты. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ильич Жакшылык уулу билдирди.

Маалым болгондой, кызыл аттестатка район боюнча 14 окуучу талапкер болуп катталган. Алардын арасынан Кош-Дөбө айылынын Э.Мейманов атындагы орто мектебинин окуучусу Сатинбай кызы Гүлайым менен Терек айылынын К.Молдобасанов атындагы орто мектебинин окуучусу Алтынбек кызы Айдай «Алтын тамга» аттестатына ээ болушту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up