Нарындагы №87 кесиптик лицейге заманбап тигүүчү машиналар алынып келди (сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы М.Мырзабеков атындагы №87 кесиптик лицейине заманбап тигүүчү машиналар алынып келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган кесиптик окуу жайдын жамааты билдиришкендей, тигүүчү-оператор кесибин окутууга Башталгыч кесиптик билим берүү агенттиги тарабынан 8 даана заманбап тигүүчү машина, 1 даана распошивалка (тигүүчү машинанын түрү), топчу кадаган машина жана «Катар» кайрымдуулук уюму тарабынан 2 даана заманбап тигүү машина алынып келди.

Учурда лицейге 12 тигүүчү машина коюлуп, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы толукталды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up