Ак-Талаа районунда «Жыл мугалими - 2019» сынагы старт алды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районунда «Жыл мугалими - 2019» сынагы башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, сынактын ачылыш аземине аким Нурбек Молдокадыров, акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев катышып, мугалимдерге ийгилик каалашты.

Сынактын жүрүшүндө мугалимдердин иш кагаздарды жүргүзүүдөгү жетишкендиктери, педагогикалык черберчилиги боюнча презентация, мастер-класс жана ачык сабак өтүүсү, сабактардын планы, компьютерде иштей билүүсү, өзүн өзү баалоосу, мугалимдин имиджи, электрондук тест тапшыруу жана окуу куралдарынын көргөзмөсү боюнча тапшырмалар каралууда.

Сынактын жыйынтыгы 17-май күнү чыгарылып, жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана грамоталар тапшырылат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up