Жаңы-Тилек айылындагы окуучулар райондогу мекемелердин иши менен таанышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Тилек айылындагы С.Жусупбаев атындагы орто мектебинин окуучулары райондогу мекемелерге экскурсия жасашты. Бул тууралуу аталган мектептин директору Мирбек Чырмыев билдирди.

Маалым болгондой, аталган мектептин окуучулары 15-май күнү райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда, тарых музейинде жана Мааданбек Барашов атындагы кесиптик лицейинде саякатта болушту. Алгач окуучуларды үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлери тосуп алып, аларга жугуштуу оорулардын алдын алуу, адам жаракат алганда биринчи медициналык жардам көрсөтүү, медициналык аппараттардын иштөөсү боюнча маалымат берди.

Андан соң окуучуларды тарых музейинин директору Мыктыбек Апилов кабыл алып, музейдин ичиндеги экспонаттар менен кеңири тааныштырып, тарых инсандарынын таржымалы, Ак-Талаадан чыккан илимдин кандидаттары, окумуштуулар, обончу, ырчы жана композиторлор туурасында баяндап берди.

Мындан тышкары, окуучулар кесиптик лицейдин иши менен кеңири таанышып чыгышты. Мугалимдер окуучуларга лицейдеги ар кандай кесип боюнча окутуулар, кесипке багыт берүү жаатында маалымат беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up