Ат-Башыдагы мектепте эхинококкоз, альвеококкоз дарттарын алдын алуу иш-чарасы өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинде эхинококкоз, альвеококкоз ооруларын алдын алуу максатында 1 ай бою ар кандай иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, 1 айлык иш-чаранын алкагында аталган мектептин 1-11-класстарынын окуучулары арасында класстык сааттар, тарбиялык сааттар, дубал гезиттер сынагы, тегерек стол, көрсөтмө куралдар сынагы, тренингдер, сүрөт сынагы уюштурулуп, сценкалар коюлду.

«18-23-майга чейин республикалык деңгээлде «Эхинококкозу жок коом» деген аталыштагы семинар өткөрүлмөкчү. К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинде пландын негизинде иш-чаралар жүрдү. Ветеринардык адистердин жардамы менен эхинококкоз жана альвеококкоз оорулары жөнүндө окуулар уюштурулду. Ошондой эле бул оорулар жөнүндө жат жазуу, эссе жана дилбаяндар жазылды.

Жыйынтыктоочу иш-чарада 9-класстын окуучулары өтүлгөн иш-чаралар боюнча видеоматериалдарды көрсөтүп, медицина тармагындагы адамдар менен маектешип чагылдырып беришти», - деди К.Мамбеталиев атындагы орто мектептин уюштуруучусу Шайыр Эстебесова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up