Египетке жолдомо, 35 миң сом: Ошто «Жаш мугалим-2019» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Ош шаарында 15-май күнү «Жаш мугалим-2019» сынагы өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Авазбек Асанов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын маалыматына караганда, сынактын алгачкы туруна жалпысынан 40 мугалим катышып, 2-турга 9 мугалим өткөн.

«Бул сынак экинчи жолу өткөрүлүп жатат. 40 мугалимдин арасынан 9 мугалим тандалып алынып, ачык сабактан кийин 7 катышуучу финалга чыккан. «Жаш мугалим» сынагынын максаты — «келечекти кандай мугалимдер тарбиялап жатат?» деген суроого жооп алуу, жаш мугалимдерди колдоо, аларга дем берүү болуп саналат. Сынактын дагы бир өзгөчөлүгү — финалисттердин арасында дене тарбия жана музыка сабагын окуткан жаш агайлардын катышканы.

Сынак 6 баскычтан туруп, ал баскычтарда мугалимдер өз чыгармачылыгын, өнөрүн, педагогикалык билимин көрсөтүштү. Жалпы байге фонду 100 миң сомду түзүп, дагы бир жеке ишкер өзү тандаган мугалимге Египетте саякаттоого жолдомо тапшырды», - деди А.Асанов.

Сынактын катышуучулары өзүн тааныштыруу, ыкчам суроолорго жооп берүү, кырдаалдан чыгуу, педагогикалык билимин баалоо, өнөрүн тартуулоо боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында 3-орунга Одина Акбарова, Мыктыбек Адышев жана Улукбек Исмайыл уулу ээ болушту.

2-орунду Догдурбек Кубатбек уулу, Наргиза Эркебай кызы камсыз кылышты.

Ал эми 1-орунду Абида Таалайбек кызы алып, Египетке жолдомо алса, баш байгени Бактыгүл Жапар кызы багындырып, 35 миң сом менен сыйланды.

Андан сырткары, окуу жайлар, шаардык мэрия, Билим берүү жана илим министрлиги, демөөрчүлөр тарабынан катышуучуларга ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Сынак алгачкы жолу 2018-жылы өтүп, анда Ош шаарындагы №27 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Нургүл Тайыр кызы жеңип алган.

Аталган сынак Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин демилгеси менен 2 жылдан бери өткөрүлүп келет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up