Ак-Талаада ата-энелерди акыркы коңгуроодо шаан-шөкөт уюштурбоого чакырып жатышат (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районунда акыркы коңгуроо аземинде шаан-шөкөт уюштурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, райондун прокурору Астапа Казиев, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев жана райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү айыл аймактарды кыдырып жатышат. Анда ата-энелерге, мугалимдерге окуучулар арасында зордук-зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу туурасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ошондой эле акыркы коңгуроо аземинде эч кандай акча каражат чогултпоо жана ар кандай шаан-шөкөттөрдү уюштурбоо боюнча тапшырмалар берилүүдө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up