Шахмат жана дзюдо боюнча чемпиондор Бакай-Атадагы окуучуларга мастер-класс өтүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Шахмат боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, Азиянын чемпиону Айжан Съездбекова жана шахмат, дзюдо боюнча чемпион Алмаз Съездбеков 14-майда Бакай-Ата жаңы конушундагы №85 орто мектебинин окуучулары менен жолугушту. Иш-чаранын жүрүшүндө «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Ынтымактуу конуштар» долбоорунун координатор-мобилизатору Чынара Абдыраимакунова балдарга чемпиондордун үй-бүлөсү тууралуу маалымат берип, алардын ийгиликтери кандай жол менен келгендигине токтолду.

«Биздин балдарыбыз, кыздарыбыз азыркы талапка ылайык көндүмдөрүн өстүрүү үчүн, атаандаштыкка туруштук берген балдардан болуп, чемпион болсун деп жана өсүп келе жаткан муундарга үлгү катары жайылтуу максатында бүгүнкү жолугушууну уюштуруп жатабыз. Ар бир бала таланттуу, ал эми ийгиликке жетүү үчүн баланы ар тараптуу өнүктүрүүгө шарт түзүү зарыл», - деди Ч.Абдраимакунова.

Ал ошондой эле бир үй-бүлөнүн 9 баласынын ичинен алтоо Кыргызстандын 3-11 жолку чемпиондору, Азиянын 3 жолку чемпиону болгондугун баса белгилеп, ата-энелерди баланы өнүктүрүүгө инвестиция салууга чакырды.

Чемпиондордун устаты — атасы Съездбек Таштакеев окуучулардын жана ата-энелердин жан дүйнөсүнө өзгөртүү киргизүү максатында келгендигин айтты. «Биздин ниет — силердин умтулууңарды, намысыңарды ойготуу, эртеңки күнү биз дагы Кыргызстандын желегин желбиретишибиз керек, Кыргызстандын гимнин эл аралык, дүйнөлүк деңгээлде ырдатышыбыз керек деген сезимди ойготуу», - деди ал.

Ага окуучулар кызыктырган суроолорун берип, жооп алышты. Ошондой эле Айжан Съездбекова менен шахмат ойношуп, Алмаз Съездбеков менен дзюдо боюнча мастер-класс көрүштү.

Бул жолугушууга катышкан 3 баланын апасы Анара Садырбаева шахмат чоң таасир калтырганын айтып өттү. «Азыр ойлосом, ушул күнгө чейин балдарыма шахмат ойногонду такыр үйрөтпөптүрмүн. Бүгүнкү жолугушуудан соң сөзсүз түрдө уулумду шахмат ийиримине берем деп калдым. Кызым болсо 2-класста окуйт, 8 ийримге барат», - деп айтып берди ал.

Жолугушуунун соңунда мектептин директору Муратбек Жумалиев сөзсүз түрдө окуучулар арасында шахмат боюнча турнир уюштурарын билдирди.

Бул жолугушуулар «Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу ынтымакты бекемдөө» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан, «ЮНФПА Кыргызстандын» колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын негизги максаты — жаңы конуштун жаштарын шыктандыруу, убакытты туура пайдаланууга багыт берүү жана кыздарга өзүн коргоого мүмкүнчүлүк түзүү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up