Жалал-Абаддагы №5 мектеп-гимназиянын окуучулары ата-энелери менен бирге китеп окуу сынагына катышты (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Жалал-Абад шаарындагы №5 мектеп-гимназиясынын башталгыч класстарынын окуучулары Дүйнөлүк китеп окуу күнүнө карата ата-энелери менен бирге китеп окуу боюнча сынакка катышты. Бул тууралуу «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун түштүк аймагы боюнча координатору Самара Юлдашева билдирди.

Анын маалыматы боюнча, Жалал-Абад шаарынын билим берүү башкармалыгынын, АКШ Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен 1-4-класстардын окуучулары жана ата-энелерден куралган командалар залкар жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларын окуу боюнча сынак өткөрүштү. Сынак учурунда окуучулар Айтматовдун «Ак кеме», «Саманчынын жолу» чыгармаларын ролдоштуруп аткарып, ата-энелеринин жардамы менен колго жасалган китептерди конокторго тартуулап, чыгармалардан үзүндү окуп, айтып беришти. Ошондой эле окуучулар Ч.Айтматов жана анын чыгармалары боюнча сүрөттөрдү тартышты.

«Балдар менен бирге китеп окуу практикасын ата-энелер көбүрөөк колдонуп, мугалимдерге жардам берип жатышат. Үйдөн китеп окууну дагы адатка айлантып бара жатышат, мурункуга караганда ата-энелер менен кызматташуу жогорулады жана бул балдардын окуу көндүмүн өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизип жатат», - деди башталгыч класстардын мугалими Галина Редько.

Иш-чарага аталган мектептин 55ке жакын окуучусу, 10 мугалими, 5 ата-эне, «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун түштүк аймагы боюнча координатору С.Юлдашева, долбоордун улуттук тренерлери А.Атамбаева, Каныгүл Мырзакеева жана шаардык билим берүү башкармалыгынын методисттери катышты.

Иш-чаранын максаты — башталгыч класстардын окуучуларынын компетенттүүлүгүн жана окуу көндүмдөрүн өркүндөтүү, окуучулардын билим сапатын жогорулатуу. Ошондой эле китеп окууга ата-энелерди тартуу жана балдардын китеп окууга кызыгуусун, китепти сүйүү сезимин бекемдөөдө алардын маанилүү ордун белгилөө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up