Ак-Талаада «Мыкты тарбиячы - 2019» сынагы старт алды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районунда «Мыкты тарбиячы - 2019» сынагы башталды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Адилет Абдыбачаев билдирди.

Маалым болгондой, 15-май күнү Баетов айылындагы «Тынчтык» бала бакчасында 22 бала бакчадан 24 тарбиячы ат салышып баштаган. Сынакта тарбиячылар окуу куралдарынын көрсөтмөсү, компьютерде иштей билүүсү, тарбиячылык чеберчилиги, ачык сабактарды өткөрүү, тарбиячынын имиджи жана башка тапшырмаларды аткарышууда.

Сынактын жыйынтыгы 17-май күнү чыгарылып, жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана грамоталар ыйгарылат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up