Ак-Талаада окуучуларга кесипти туура тандоо боюнча багыт берилди (сүрөт)

// Turmush

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы 2 орто мектептин окуучуларына 14-май күнү кесипти туура тандоо боюнча багыт берилди. Бул туурасында райадминистрациянын адиси Азамат Аскарбеков билдирди.

Маалым болгондой, Ш.Бейшеналиев жана Э.Карасартов атындагы орто мектептердин окуучуларына кесипти туура тандоо, алдыга туура максат коё билүү, убакытты туура пайдалануу максатында «Ийгиликтүү адамдын сырлары» аттуу мотивациялык жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууга район акими Нурбек Молдокадыров, Нарын жаштар кеңешинин төрагасы Талант Ниязбеков, казынын орун басары Эрик Молдокулов, «Ак-Талаа жаштары» коомдук бирикмесинин мүчөсү Азамат Аскарбеков, Жаштар өнүктүрүү институтунун Нарын облусундагы өкүлдөрү Элмира Исакова жана Ширин Бакытова катышып, өздөрүнүн ийгилик сырлары, жашоодогу принциптери, коомчулукка пайдалуу инсан болуунун касиети, бактылуу адам болуунун жолдору сыяктуу мотивациялык кеңештерин беришти.

Жолугушууда окуучулар активдүүлүгүн көрсөтүшүп, суроо-жооптор менен коштолду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up