Нарындагы айылдардан тандалган 58 окуучуга экскурсия уюштуруп беришти (сүрөт)

// Turmush

Билим АКИpress - Нарын РИИБдин жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлорунун демилгеси менен 14-майда «Өлкөнүн келечеги бүгүнкү өспүрүмдөрдүн билиминен көз каранды» аталышындагы иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан К.Эсенгулова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, аталган иш-чаранын алкагында Нарын районундагы мектептердин алдыңкы 58 окуучусуна экскурсия уюштурулду.

«Экскурсия Нарын районундагы 8-март, Куланак, Миң-Булак, Өрнөк, Эмгек-Талаа, Эмгекчил, Оттук, Кара-Чий, Учкун, Шоро, Жан-Булак, Ак-Кудук, Калинин, Эки-Нарын айылдарындагы орто мектептердин 58 окуучусуна уюштурулду. Алар Нарын шаарынын К.Мамбеталиева атындагы тарыхый-этнографиялык музейи, С.Орозбаков атындагы облустук китепканасы жана Борбордук Азия университетинин студенттеринин окуу тартиби, жалпы шарттары менен таанышты», - деди К.Эсенгулова.

Иш-чаранын максаты — окуучуларга кесипти туура тандоого багыт берүү, кыргыз элинин каада-салты, үрп-адаты менен тааныштыруу.

Мындай экскурсия өткөн айда да 26 окуучуга уюштурулган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up