Кашат айылынын окуучулары «Китеп кербенинде» болушту (сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Ысык-Көл районунун Кашат айылындагы китепкананын кызматкерлери тарабынан «Китеп кербени» иш-чарасы уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Иш-чарада аталган айылдагы окуучулар электрондук китептер, «3D» калемсаптар менен биринчи жолу таанышты. Англис тилинде балдарга ылайыкталган бир катар чыгармаларды да көрүштү. Ошондой эле китеп боюнча оюндарга, сынактарга катышып, белектерге ээ болушту.

Иш-чаранын негизги максаты — балдарды китеп окууга тартуу болуп эсептелет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up