Каракол шаарында мыкты мугалимдер аныкталды (сүрөт)

// Turmush

Билим АКИpress - Каракол шаарындагы №1 инновациялык мектеп-гимназиясында «Жыл мугалими-2019» кароо-сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады. Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, сынакка шаардагы мектептерден 10 мугалим катышкан.

Сынак орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлдү. Анда мугалимдин сабак өтүүдө инновациялык методдорду колдонуусу, балдарды сабакка кызыктыра алышы, иш кагаздары, чыгармачылыгы каралды.

Жыйынтыгында орус тилинде билим берген мектептердеги мугалимдердин арасынан №15 мектептин англис тилчи мугалими Элнура Асылбекова баш байгени багындырды.

1-орунду №2 орто мектебинин мугалими Елена Пригода, 2-орунду №1 мектептин мугалими Чынара Ахмеджанова жана 3-орунду №3 мектептин мугалими Анастасия Баялиева камсыз кылышты.

Ал эми кыргыз тилинде окутуу жүргүзүлгөн мектептердеги мугалимдердин арасынан баш байгени №11 мектеп-гимназиясынын башталгыч класстарынын мугалими Марина Меденова ээледи.

1-орунду №3 мектептин мугалими Айнура Искакова, 2-орунду №4 мектептин мугалими Назира Эсенгул кызы жана 3-орунду №6 мектептин мугалими Махабат Осмонбаева алды.

Баш байгенин ээлерине муздаткыч, 1-орунга сыналгы, 2-орунга нан бышыруучу меш жана 3-орунга байгеге мультиварка берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up