Жалпы республикалык тестирлөө-2019. Эмнени билүү керек?

Билим АКИpress - Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 2 этап менен өтөт — 18-19-майда жана 21-22-майда. Бул тууралуу Бишкектеги жыйында Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Чынара Батракеева маалымдады.

Анын айтымында, 17-20-майда бардык тестирлөө борборлорунда даярдыктар жүрөт жана ошол жерлерде кошумча каттоо жүргүзүлөт.

«Негизги тестке катталууга жетишпей калгандар үчүн: 16 жаштан өткөндөргө паспорт керектелет. Ал эми 16 жашка чыга электер туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып келсе болот. Бирок окуган жеринен маалым кат, сүрөтү жана күбөлөндүргөн мөөр болушу керек. Ошондой маалым каттар менен гана биз аларды каттоого алабыз. Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн тышкары 3х4 сүрөт керек. Мурунку жылдардагы бүтүрүүчүлөр аттестат же орто билими тууралуу диплом алып келиши кажет. Андан сырткары, ар бир тест үчүн 320 сом өлчөмүндөгү каттоо төлөмүн «РСК банкка» же башка банктарга төлөп, бизге дүмүрчөк алып келиши зарыл. Ошондо гана каттоого алуу мүмкүн», - деди ал.

Ошондой эле мурун катталгандар үчүн эреже бар экени айтылды: каттоодон өтүп, тест кайда болору тууралуу билдирүү алган ар бир абитуриент белгиленген убакытта өзүнүн тестирлөө борборуна барышы керек. Себепсиз өзүнүн тестирлөө борборуна барбагандар тестирлөөгө катышпайт.

Тестирлөөгө абитуриент эмне менен келиши керек? Тестке уруксат берүүчү талон, маалым кат менен паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, көк же кара калемсап. Калган бардык материалдар тесттин администраторлоруна берилет. Башка буюмдарды окуучулар администраторлорго өткөрүп бериши кажет.

Тестирлөө учурунда алып жүрүүгө болбойт: электрондук каражаттар, телефон, планшет, калькулятор, «акылдуу» саат, камерасы бар кулон, наушник жана башкалар.

«Эгер тестирлөө учурунда абитуриенттен бул буюмдар табылса, аны колдонбогон же өчүрүп койгон учурда дагы ЖРТнын эрежелери боюнча тесттен четтетилет. Шпаргалка, китеп жана башка маалымат ташуучу нерселерге да тыюу салынган. Бул эрежелер 10 мүнөттүк тыныгуу учурунда да сакталышы керек», - деди Ч.Батракеева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up