«Менин апам – мугалим»: С.Бакашева таятасынын жолун улап, мектепте 29 жылдан бери эмгектенип келет (сүрөт)

Сабыргуль Бакашева
Сабыргуль Бакашева
// АКИpress

Билим АКИpress - Сабыргүл Бакашева Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы №96 орто мектебинде мугалим болуп эмгектенет. Эмгек стажы — 29 жыл. Бул тууралуу анын уулу Нурбек Расулов билдирди.

Анын айтымында, апасы өз атасынын жолун улантып келет.

«Таятам Жусуп Бакашев 33 жыл мектепте директор, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген, азыр ардактуу эс алууда.

Апам өз кесибин абдан сүйөт. Жумуштан үйгө келгенде дайыма окуучуларынын жоруктарын айтып отурат. "Мен окуучуларым менен бактылуумун. Татыктуу билим алган, сынактарда алдыңкы орундарды жеңген окуучуларым менен сыймыктанам" дейт. Кээ бир ата-энелер балдарына көңүл бурбаганына абдан кейийт. Алардын келечеги тынчсыздандырарын айтат.

2013-жылы "Жүрөгүм менин балдарда" деген шаардык сынакта "Эң мыкты окуу кабинети" номинациясы боюнча 1-орунду жеңип алган.

Апам 2-топтогу майып болсо да, учурда 2 класс менен иштешет. Анын ден соолугу мени тынчсыздандырат, ооруп калганда "мектепке, балдарыма барсам ооруганымды унутуп калам" дейт. Мен апамды абдан жакшы көрөм жана апам менен сыймыктанам», - деди Нурбек Расулов.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up