Жумгал районунун прокурору окуучулар менен мугалимдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

// Turmush

Билим АКИpress - Жумгал районунун прокурору Талант Койчуман уулу окуучулар жана ата-энелер менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жолугушууда прокурор 2019-жылдын май айынан баштап окуучулардын бүтүрүү кечелери жана мурда бүтүп кеткендердин 10-20 жылдык жолугушуу кечелери өтөрүн айтты. «Ушул жагдайда спирт ичимдиктерин ичүү менен коштолгон майрамдар оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаганга себеп болушу мүмкүн», - деди ал.

Анын айтымында, кафе-ресторандарда, оюн-зоок жайларда, үйлөрдө, жаратылыштын кучагында, жайлоолордо, автоунааларда (анын ичинде кортеж) жана башка жерлерде ичимдик ичүү менен коштолгон иш-чараларды уюштуруу учурунда оор жана өзгөчө оор кылмыштар жасалышы мүмкүн.

Ошондуктан кылмыш-кырсыктардын жана башка терс кɵрүнүштɵрдүн алдын алуу максатында райондун прокурору тарабынан окуучуларга, ата-энелерге жана мугалимдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Атап айтканда, мектеп директорлоруна, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрүнө, тарбиялык иштер боюнча кызматкерлерге, мугалимдерге катуу тапшырмалар берилди. Ошондой эле РИИБдин аймактык тескөөчүлөрү, жашы жете электер менен иштөө инспекциялары менен биргеликте иш жүргүзүүнү тапшырып, эгерде мектептерде жогоруда белгиленген кемчиликтердин бирине жол берилсе, катуу чаралар көрүлөрү мүмкүн экендигин эскертти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up