НМУда академик менен жолугушуу болду

Билим АКИpress - НМУнун Ж.Саалаев атындагы илимий китепканасында Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору, академик, филология илимдеринин доктору, профессор Абдылдажан Акматалиев менен жолугушуу кечеси болуп өттү. Жолугушууну НМУнун ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Таштанбек Сияев ачып, адам баласынын жашоосунда китептин орду маанилүү экенин белгиледи.

Ал эми академик А.Акматалиев мамлекеттик тилди өнүктүрүү, улуттун көөнөргүс көркөм дөөлөттөрү болгон кыргыздын акын-жазуучуларынын чыгармаларын элге жеткирүү, илимий эмгектерди жазуу, чыгаруу жана жайылтуу, улуу сүрөткер Чыңгыз Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы, адамдык сапаттары жөнүндө кеңири айтып берди. Анын аңгемеси кечеге катышуучулардын жандуу кызыгуусун туудурду. Катышуучулар тарабынан академикке көптөгөн суроолор да берилип, азыркы замандагы илим-билимдин, китептин ролу тууралуу, көркөм-адабий чыгармалардын адам баласын инсан катары калыптандыруудагы, тарбиялоодогу мааниси тууралуу ой-пикирлер айтылды.

Илимий китепкананын окуу залында «Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институту» темасында китеп көргөзмөсү уюштурулган.

Жолугушуунун жүрүшүндө академик илимий китепканага Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институту мамлекеттик тилди нүктүрүү программасынын алкагында даярдап, басып чыгарган 72 нуска китеп тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up