«Байтиктен чыккан чыгаандар…»: Орто-Алыштагы окуучулардан белек

Билим АКИpress - А.Сүйүнбаев атындагы Орто-Алыш орто мектебинде 16-май күнү Аскар Жумагуловдун «Манас» орденинин III даражасынын кавалерлигин куттуктаган окуучулар «Байтиктен чыккан чыгаандар…» аттуу иш-чарасын өткөрүштү.

Анын биринчи бөлүгүндө Аскар Жумагуловдун басып өткөн жолу, өмүрүн, чыгармачылыгын баяндаган ыр саптар айтылды. Ал эми экинчи бөлүгү концерттик номурлардын коштоосунда болду.

Бул иш-чарага мектеп окуучулары Байтик айыл аймагынын аксакалдары, мектеп директорлору жана мугалимдер жамааты катышты. Иш-чараны мектептин директору З.Кожомкулова алып барды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up