Нарындык окуучулар Ленинграддагы «Өлбөс полкко» катышты (сүрөт)

// Turmush

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы №2 В.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын мугалимдери менен окуучулары Россиянын Ленинград облусунда болушуп, Гатчина шаарындагы №9 мектептин иши менен таанышып кайтышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган 2 мектептин ортосунда «Диалог культур» долбоору аркылуу достук байланыш түзүлдү. Өткɵн жылы Гатчина шаарындагы №9 мектептин мугалимдери менен окуучулары Нарын шаарына келип кетишкен болчу.

Нарындык топтун мүчɵлɵрү 9-май күнү Улуу Жеӊиш майрамына карата Нева проспектисинде ɵткɵрүлгɵн «Ѳлбɵс полктун» жүрүшүндɵ ардагер аталарынын жана чоӊ аталарынын сүрɵттɵрүн кɵтɵрүп басышты. Гатчина шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушуп, концерттик программасын тартуулашты. Ошондой эле Ленинград облусунун вице-губернатору Сергей Перминовдун, Гатчина шаарынын депутаттар кеӊешинин тɵрагасы Виталий Филоненконун атайын кабыл алуусунда болушту.

Жолугушуу учурунда В.Чкалов атындагы мектеп-гимназиянын директору Айчүрɵк Самакова Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкуловдун ыраазычылык катын Ленинград облусунун вице-губернатору Сергей Перминовго тапшырды. Иш сапардын алкагында делегация Ленинграддын тарыхый, маданий жайларына саякат жасашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up