«Баланы мектепке даярда». Бишкекте балдар Европа маданияты менен таанышууда (сүрөт)

Билим АКИpress - Бишкекте 11-май күн Европа кыштагы өтүп, анда «Баланы мектепке даярда» концепциясы иш жүргүздү. Иш-чаранын алкагында бир катар мастер-класстар каралып, анда балдар окуу процессине тартылып, Европа өлкөлөрүнүн маданияты менен таанышты.

Аталган концепция Европа кыштагынын алкагында ар кандай иш-чараларды өткөрүүдө:

- «Мектептеги окуя» аттуу сүрөт сабагы;

- «Өзүңө пенал жаса» аттуу кол эмгек сабагы;

- «Бременские музыканты» аттуу музыкалык жомок;

- «Тарыхый кумараны жаса» аттуу тарых сабагы;

- «Похимичим» аттуу химия сабагы;

- Адабият сабагы. «Адабият дүйнөсү» викторинасы.

- «Digital art, өзүңдүн сүрөтүңдү тарт» аттуу информатика сабагы;

- «Похимичим» аттуу химиялык шоу;

- «Рюкзагыңа брелок жаса» аттуу колдонмо искусство сабагы;

- «Сабактардын тартиби үчүн доска жаса» аттуу эмгек сабагы.

Европа кыштагынын «Баланы мектепке даярда» концепциясы Кыргызстандын билим берүү тармагына Европа Биримдигинин колдоосун чагылдырат». - дешти уюштуруучулар.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up