Сүрөт, видео — Бишкектеги Европа күнү. «Баланы мектепке даярда» стендинин алдындагы иш-чаралар кандай өттү?

Билим АКИpress - Бишкектеги #EUvillage2019 аталышындагы Европа кыштыганда 11-майда Европа күнү белгиленди. Анын алкагында Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасынын билим берүү секторундагы реформаларды колдоо» долбоорунун маалыматтык компоненти боюнча стенди көрсөтүлдү.

Стенд «Баланы мектепке даярда» деп аталып, ал Кыргызстандын билим берүү тармагына Европа Биримдигинин колдоосун чагылдырат

Иш-чарада балдар интерактивдүү формадагы мастер-класстар менен алек болду. Европа кыштагында 2019-жылы эмгек, сүрөт, химия, тарых, адабият, информатика, колдонмо искусство, дене тарбия, музыка сабактары боюнча мастер-класстар тартууланды. Максаты — балдарды окутуу процессине тартуу, Европа өлкөлөрүнүн маданияты менен тааныштыруу.

Мастер-класстарга активдүү катышкандар эстелик белектерди — окуу куралдары менен рюкзак жана долбоордун символдук мааниси камтылган футболкаларды алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up