Нарындагы мектеп жетекчилерине акыркы коңгуроодо коопсуздукту камсыз кылуу тапшырылды

Билим АКИpress - Нарында мектеп окуучуларынын акыркы коңгуроо салтанатын өткөрүү боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын районундагы мектептерде акыркы коңгуроо өткөрүү, коопсуздукту сактоо, балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча талкуу болгон. Ага Нарын районунун прокурору, ИИБдин башчысы, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мектеп директорлору, уюштуруучулар, окуу бөлүмдөрүнүн башчылар катышты.

Жыйында акыркы коңгуроо салтанатын өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуу жана аларды көзөмөлгө алуу керектиги белгиленип, мектеп директорлоруна тапшырмалар берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up