Аксыдагы мектепте кылмыштуулуктун алдын алуу маселеси талкууланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Аксы районунун Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, суициддин жана башка терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында жыйын болуп өттү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Мира Муктарова билдирди.

Иш-чарага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Э.Бөрүбаев, облустук усулдук борбордун жетекчиси А.Токтосунов, ОИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн ага инспектору, милициянын подполковниги Р.Жумабаев, Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Д.Абдылдаева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.Зыябекова жана Кербен шаардык мэриясына караштуу мектептердин өкүлдөрү, ата-энелер комитеттеринин төрагалары катышты.

Жыйында коомдогу эң көйгөйлүү маселелер: жаш өспүрүмдөр арасындагы ар кандай укук бузуулардын, кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун көбөйүшү жана терс көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча талкуу жүрдү. Ошондой эле быйылкы окуу жылында райондо былтыркыга салыштырмалуу өспүрүмдөр арасында катталган кылмыштуулук жокко эсе экендиги белгиленди.

Жыйындын соңунда мигрант үй-бүлөлөрдүн балдарына өзгөчө көңүл буруу менен биргеликте иш алып баруу сунушталды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up