Кыргыз жана түрк тилиндеги орток макал-лакаптар (илимий макала)

Билим АКИpress - Кыргыз жана түрк тилиндеги орток макал-лакаптар/ Общие пословицы и поговорки на кыргызском и тюркском языках/ Com

mon proverbs and sayings in kyrgyz and turkic languages

Советбекова Ырыс Советбековна / Sovetbekova Yrys Sovetbekovna

Ж.Баласагын атындагы КУУ

Илимий жетекчи: ф.и.к., доцент Бакыт Жайлообаев

«Кыргызстандын эл аралык университети» окуу-илимий-өндүрүштүк комплекси

«Весmник МУК»

Журнал Электрондук илимий китепкана жана

Россиянын илимий шилтемелер индексинде көрсөтүлгөн

УДК 82:82. 362

Аннотация: Адам баласынын, элдин турмуштагы тажрыйбасынан түптөлүп, бүтүндөй философиялык корутундуну берген макал-лакаптар дүйнөдөгү бардык элдин оозеки чыгармаларында, эл арасында, коомчулуктун кесибине, жашына жана башка баалуулуктарына карабастан кеңири пайдаланылып, улам толукталып, өсүп-өнүгүп келет. Бул макалада макал-лакаптардын элдик мурас, фольклордун негизи катары баалуулугун, кыргыз жана түрк тилдеринде максатын, багытын өзгөртпөй боордош элдердин турмуш-тиричилигин мүнөздөп берген функциясын талдоого аракет кылынды. Ошондой эле бул макала кыргыз тилдүү окурмандар үчүн эки тилдеги орток макал-лакаптар тууралуу маалымат берүү максатын көздөйт.

Негизги сөздөр: макал-лакаптар, кыргыз тили, түрк тили, эквивалент.

Адам баласын жаратылыштагы башка жандуу заттардан өзүнчө айырмалап турган – бул анын тили. Демек, тил аркылуу бардык жашообуз, кыймыл-аракет, ишмердүүлүк, кубаныч, кайгы-капа, максат-тилектер, күнүмдүк жашоодогу ар бир кыймылыбыз тыгыз байланышып, тирүүлүктө өзгөчө орунда турганы талашсыз.

Дүйнө жүзүндө сакталып калган ар бир тил өзүнүн кенен тарыхы, бай казынасы, сакталышы, ар багытта өнүгүшү, пайдаланылышы жана булардын илимий багытта иликтөөгө алынышы өзүнчө тарых. Ал эми, ар бир улуттун, элдин, ар бир адамдын тилин, сүйлөгөн сөзүн, билимин, руханий дуйнөсүн көрсөтүп, байытып, тилине көрк берүүчү элдик оозеки адабияттын түбү чексиз. Элдик оозеки адабияттагы элементтер да өзүнчө орунду ээлейт. Алардын бири – кыска-нуска түзүлүшү менен бүтүндөй философиялык корутундуну берген макал-лакаптар.

Фольклордо чоң орунду ээлеген макал-лакаптар табиятынан адамдын жашоосу, аны ачып көрсөткөн өзгөчө күчү, баасы, коомдогу орду же социалдык абал, деги эле жалпы жашоодогу ар бир нерсени жетиштүү сүрөттөй алган энциклопедия, өзгөчө оозеки чыгармалар деп айтсак болот. Анын тарыхы адам эмгек менен жаралып, ой-санаасы калыптанып, акыл-эси жетилген байыркы доордо башталышы да анын байыркы жана түбөлүктүү экенин көрсөтөт.

Дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун адамдардын жашоосу, мүнөзү, кыял-жоругу, жүрүм-турумун көркөм сүрөттөп көрсөткөн, ар кандай кырдаалды: күлкүлүү, кайгылуу, бактылуу же кыйын учурду, деги эле ар кандай жагдайды элестүү кылып лакаптар көрсөтөт. Муну менен макал-лакаптар адамдын улутуна, тилине, динине карабастан ага тиешелүү бардык жандуу жана жансыз нерселер менен тыгыз байланышта. Макал-лакаптардын кайсы гана тилде болбосун бирдей терең философияга ээ экенин эквиваленттерден көрсөк болот. Демек, макал-лакаптар элдин турмуштагы тажрыйбасынын негизинде түптөлүп, жаралып, улам толукталып жашап келе жатканын түпкү нравалык максаты, функциясы бирдей экенин ачык-айкын баамдоого болот.

Мисалы, кыргыз элиндеги «Устанын тогоосу жок» макалы вьетнам элинде – «Темир устанын чайыр кесе турган бычагы жок», кытай элинде – «Желпигич сатуучу колу менен желпинет», жапон элинде – «Боёкчунун шымы боёлбойт», афган элинде – «Карапачынын үйүндө бүтүн идиш жок» деген мааниде айтылат.

Кыргыз тилинде, адабий оозеки чыгармаларда дагы макал-лакаптардын орду, функциясы өзгөчө. Макал-лакаптар элдик мурас катары сакталып, улам жаңыланып, өсүп-өнүгүп, баардык сферадагы кесиптерде терең маанисин жоготпой келет.

«Кыргызча-орусча сөздүктү» түзгөн К.К.Юдахин бул эмгегинде: «Макал – араб сөзү, пословица, поговорка, афоризм, мудрое изречение», деп жазган.

Ал эми «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө» (редакторлору – Э.Абдылдаев, Д.Исаев. Бишкек, 1969-жыл): «Макал – турмуштук тажрыйбанын негизинде эл тарабынан түзүлгөн акыл-насаат берүүчү кыска, элестүү, таасирдүү сөздөр» деп жазылган.

«Кыргыз адабий илиминин терминдер сөздүгүндө» (профессор Раиса Заитовна Кадырбаева, филология илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Асаналиев): «Макал – ар түрдүү турмуштук көрүнүштөр жөнүндө кыскача, элестүү, так айтылган элдик оозеки чыгармалардагы жанрдын бир түрү» деп айтылат.

Ошондой эле түрк тилиндеги макал-лакаптарда түрк элинин маданияты, салты, көз карашы, улуттук концептосферасы ачык көрсөтүлөт. Кыргыз тилиндегидей эле түрк тилиндеги макал-лакаптар дагы терең маанини берип, педагогикалык метод үчүн баалуу тематика болуп саналат. Кыргыз жана түрк тилинде макал-лакаптарды изилдөө лингвистиканын чегинде гана эмес фольклористика, философия, логика сыяктуу башка илимдерде да жүргүзүлүшү мүмкүн.

Бул макалада макал-лакаптардын буга чейин белгиленген элдик мурас, фольклордун негизи катары баалуулугун, эки тилде тең максатын, багытын өзгөртпөй, боордош элдердин турмуш-тиричилигин мүнөздөп берген функциясын талдоого аракет кылынды. Жалпысынан эки тилде тең макал-лакаптардын тематикасы окшош, эквиваленттерди да көп кездештирүүгө болот.

Мисалы: Kuzguna yavrusu anka görünür – Карга баласын аппагым дейт .

Бул макал эки тилде тең бирдей маанини билдирип, ар бир адам, ар бир инсан өзүнчө артыкчылыктарга ээ экенин белгилеп, инсандык өсүп-өнүгүүгө үгүттөйт. Бул макалдын эки тилдеги мааниси тең ар бир зат уникалдуу экенин көркөмдөп көрсөтөт.

Ушул сыяктуу башка мисалдар:

  • Ayаğını yorganına göre uzart – Бутуңду төшөгүңө карап узарт.
  • Acele işe şeytan karısır – Шашкан шайтандын иши.
  • At yiğidin yoldaşıdır – Ат адамдын канаты.
  • Balık baştan kokar – Балык башынан сасыйт.
  • Dilin kemiği yok – Тилде сөөк жок.
  • Kervan yolda düzelir – Көч бара бара түзөлөт.
  • Sabrın sonu selamettir – Сабырдын түбү сары алтын.

Түрк тилиндеги макал-лакаптар тууралуу түрк окумуштуусу Өмер Асым Аксойдун 2 томдук «Макалдар жана фразеологизмдер сөздүгү» эмгегинде кенен жазылып, 1-тому – «Макалдар сөздүгү» китебиндеги маалыматтар жакшы берилген. Бул эмгекте ар кандай тематикада жалпы 2677 макал-лакап топтолгон.

Түрк тилиндеги көркөм сөз каражаттары менен кооздолуп, элдеги баалуулуктарды, салт-санаасын, ар бир адамдын үй-бүлөдөгү, коомдогу ордун, адам баласы үчүн жашоосунда маанилүү болгон сапаттар жана жалпы улуттун кызыкчылыгы, жалпы эле түрк элинин жашоосун, тарыхын, улуттук байлыгын тааныткан макал-лакаптарды, алардын ар бирин чечмелеп, түшүндүргөн.

Кыргыз тили сыяктуу эле түрк тилиндеги макал-лакаптарды дагы маанисине карата семантикалык топторго бөлүп кароого болот жана алардын ар бири философиялык маани менен корутундуланат. Мисалы түрк тилиндеги макал-лакаптардын эң маанилүү делген классификациясын төмөндөгүдөй топтоштуруп карап көрсөк болот:

  • адам баласы (эркек, аял, аксакал, бала, уул, кыз, наристе), анын жашоосу, жашоодогу орду, максаты, милдети, кызматы, анын жакшы жана терс сапаттары, мүнөзү, жетишкендиктери, кемчиликтери ж.б.;
  • жалпы улуттун баалуулуктары – тили, дини, улуту, тарыхы, келечеги ж.б.;
  • сөздүн күчү – адамдарга, эр жигитке, жакшы санаалашка, жаман адамга, журт башчыга, кеменгерге айтылган, багышталган күчтүү сөздөрдүн өзгөчө мааниси, анын таасири ж.б

Буларды тастыктоо үчүн Өмер Асым Аксойдун «Макалдар жана фразеологизмдер сөздүгү» эмгегинин 1-томундагы «Макалдар сөздүгү» китебинен кыргыз жана түрк тилдеринде бирдей мааниде кеңири колдонулуп, түпкү маани-маңызы, тарбия-таалими бирдей, орток макал-лакаптарды карап чыктык.

  • Arkadaşını söyle, kim olduğunu söyleyeiyim (кыргызча котормосу: досуңду айт, ким экениңди айтайын) – макалдын кыргыз тилиндеги эквиваленти: Досуңду көрсөт, ким экениңди айтып берем.
  • Kem dileme komşuna, kem iş gelir başına (кошунага эмне кааласаң, өз башыңа ошол иш келет) – Ор казсаң терең каз, өзүң түшүп калба.
  • Bilmemek ayıp değil, sormamak ayıp (билбеген айып эмес, сурабаган айып) – Билбеген уят эмес, үйрөнбөгөн уят.
  • Acı söz insanı dininden çıkarır, tatlı söz yılanı ininden çıkarır (ачуу сөз инсанды дининен, таттуу сөз жыланды ийинден чыгарат) – Жылуу сөз жыланды ийинден чыгарат.
  • Açın kardı doyar, gözü doymaz (ачтын карды тоёт, көзү тойбойт) – Өзү тойсо да көзү тойбойт.
  • Adamın alacası içinde, hayvanin alacası dışında - Айбандын аласы тышында, киши аласы ичинде.
  • Adam olacak çocuk bokundan belli olur (адам болоор баланын кичинесинен белги болот) – Болоор бала богунан.
  • Ağrımayan baş yastık istemez (оорубаган баш жаздык издебейт) – Башы оорубаган кудай менен иши жок.
  • Akçası ucus olanın kendisi kıymetli olur (акчасы арзандын өзү да арзан болот) – Арзандын тузу татыбайт.
  • Akılsız başın cezasını ayak çeker (акылсыз баштын жазасын аяк тартат) – Баш иштебесе буту-колдун шору.
  • Anasına bak kızını al, kenarına bak bezini al – Энесин көрүп кызын ал, эшигин көрүп төрүнө өт.
  • Artık mal köz çıkarmaz – Артык дөөлөт баш жарбайт.
  • Atın varken yol tanı, ağan varken el tanı (атың барда жол тааны, агаң барда эл тааны ) – Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны.
  • Ayın on beşi karanlık, on beşi yadınlıktır – Айдын он беши жарык, он беши караңгы.
  • Çok yaşayan bilmez, çok gezen bilir – Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет.
  • Dost dostum ayıbını yüzüne söyler (дос достун айыбын бетине айтат) – Дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат.
  • Hasta olmayan sağlığın kadeını bilmez (оорубаган ден соолуктун баркын билбейт) – Ден соолук кадырын ооруган жан билет.
  • Nocanın dediğini yap, yaptığını yapma – Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба.
  • iki baş bir kazanda kaynamaz (эки баш бир казанда кайнабайт) – Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт.
  • it ürür, kervan yürür – Ит үрө берет, кербен жүрө берет.
  • Nerde hareket, orda bereket (кайсы жерде аракет болсо, ошол жерде берекет) – Аракет кылсаң берекет.
  • Para dediğin el kiri – Акча (байлык) колдун кири.

Макал-лакаптар элдик оозеки адабиятта өзгөчө орунду ээлөө менен коомдун бардык катмарында, кызматташуунун бардык сферасында, деги эле жашоонун өзөгүн түзгөн бардык багытта кеңири пайдаланылып, адамдын сөзүн таасирлентип, көркөмдөп, кооздойт. Музыка тил тандабаган сыяктуу эле, макал-лакаптар дагы кайсы гана тилде болбосун которулган учурда же эквиваленттик мааниде колдонулса да маанисин, баалуулугун, ордун жоготпойт.

Ал эми кыргыз жана түрк тилдериндеги макал-лакаптардын ортосундагы жалпылыктар, бекем байланыш тууралуу дагы көптөгөн мисалдарды, далилдерди келтирүү менен эки тилдеги окурмандарды тааныштыруу, алардын сөз байлыгын көбөйтүү, эки боордош элдин тилинин, анын ичинде адабий тилинин ортосундагы байланышты бекемдөө аракеттерин улантуу зарыл деп эсептейбиз. Дүйнөдөгү бардык тилде, анын ичинде кыргыз жана түрк тилиндеги макал-лакаптар улам жаңыланып, толукталып, баалуулугу арта берери талашсыз.

МУК

Пайдаланылган адабияттар:

  1. Абдылдаев Э., Исаев Д., «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү». Б., 1969.
  2. Кадыров Ы., Ыбырай уулу Ж., Макал-лакаптар, нуска сөздөр, накыл кептер, залкар ойлор. «Бийиктик», 2012.
  3. Усупбеков Ш., Макал-лакаптардын тарбиялык мааниси. – Ф., «Мектеп», 1967.
  4. Юдахин К., «Кыргызча-орусча сөздүк». – Ф., 1965.
  5. «Otağ” kültür, dil ve edebiyat dercisi. — Erzurum, ocak 2018, say 8
  6. Ömer Asım Aksoy, Atasözleri ve deyimıer sözlüğü. — Inkilap Kitabevi Yaein, 1988.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь