Кыргызстанда абитуриенттер үчүн республикалык тестирлөө башталды

Билим АКИpress - Бүгүн, 18-майда Кыргызстанда абитуриенттер үчүн жалпы республикалык тестирлөө башталды. Буга чейин тестирлөөнүн 1-этабы 18-19-майда, ал эми 2-этабы 21-22-майда өтө турганы жарыяланган.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Чынара Батракееванын айтымында, 17-20-май күндөрү бардык тестирлөө борборлорунда даярдыктар жүрүп, ошол жерлерде кошумча каттоо жүргүзүлө турганы пландалган. Борбордун билдирүүсү боюнча, өлкө аймагында 114 тестирлөө борборлору түзүлдү.

2019-жылы жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу үчүн 41 миң 286 абитуриент каттоодон өткөн. Бул сан кошумча каттоонун жыйынтыгы менен дагы көбөйөт.

Тесттик тапшырмалар абитуриенттер үчүн 2 тилде сунушталат: тест берүүчүнүн тандоосуна жараша кыргыз жана орус тилдеринде.

Негизги тест жана ошондой эле ар бир предметтик тест үчүн каттоо төлөмү мурунку жылдардагыдай эле 320 сомду түзөт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up